Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Жети айыпталуучу үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 12 Апр 2023 | 214 | 0

Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү иши боюнча кармалгандардын айрымдары абактан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук соттун 12-апрелдеги токтому менен Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Гүлнара Журабаева, Улукбек Маматаев жана Асия Сасыкбаева 20-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Айта кетсек, буга чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылган, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча түзүлгөн комитеттин мүчөлөрү өткөн жылдын 27-октябрында камалган. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (массалык башаламандык уюштурууга даярдануу) менен иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM