Биз менен байланышыңыз

«Тенгиз Бөлтүрүк баштаган айыпкерлерден 844 млн сом өндүрүлдү»

Кыска кабар | 1 мая 2023 | 315 | 0

Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден 844 млн 512 миң 858 сом мамлекеттин казынасына өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Кумтөр Голд компани» ишканасынын мурдагы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк коррупция беренеси менен камакка алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал жана анын шериктери мамлекетке жалпысынан 1 млрд 146 млн 449 миң 161 сом зыян келтиргени аныкталган.

Айыпталуучулардан өндүрүлгөн 844 млн 512 миң 858 сом зыяндын 80%га жакын өлчөмүн түзөрүн, учурда калган бөлүгүн да кайтарып алуу иштери жүрүп жатканын Башкы көзөмөл орган маалымдады.

Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочулары Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына айыпкерди үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Башкармалык бул кайрылууну сотко жөнөтүп, натыйжада Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту өтүнүчтү канааттандырган.

Тенгиз Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM