Connect with us

Тенгиз Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 30 Апр 2023 | 458 | 0

Бүгүн, 30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту Тенгиз Бөлтүрөккө карата сот ишин карады. Прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылып, Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген.

Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакиров Бөлтүрүктүн саламаттыгы начар экенин жана аны абакта кармоого болбой турганын айткан.

Жактоочунун маалыматына караганда, Тенгиз Бөлтүрүккө жүрөк-кан тамыр ооруларынын оор түрү диагнозу коюлган. Аны медициналык корутунду тастыктаган.

Анын жубайы да абактан коё берүүнү өтүнүп, ачкачылык да жарыялаган.

Бөлтүрүк өзү президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, кечирим сураган.

Copyright © 2017 Maral FM