Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү бийлик органдарында бир катар кадрдык дайындоолор болду

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 486 | 0

Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – райондордун акимдерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык:

— Набиев Адыбек Асанович — Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

— Субагожоев Жакыпбек Мойдунович — Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды;

— Бахавадинов Эрмек Ибрагимович — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды;

Ошону менен бирге, Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун тескемелери менен:

— Манапов Уристем Ибраимович — Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Тургунбаев Зарлык Тургунбаевич — Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды;

— Бактыгулов Турсунбек Аманбекович — Нарын облусунун Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;

— Мамадалиев Шакир Шамшидинович — Ош облусунун Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;

— Осмонов Бактыбек Арапбаевич — Ош облусунун Араван районунун акиминин орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул кадрдык дайындоолор башкаруу ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM