Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан БУУнун Адам укуктары комитетинин сунуштарын аткарбай жатат»

Коом | 28 Апр 2023 | 427 | 0

Кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борбору 2022-жылдагы иштер боюнча баяндама жасап, Кыргызстан БУУнун Адам укуктарын коргоо комитетинин сунуштарын аткарбай жатат деген бүтүмгө келди. Мындай жыйынтык чыгарууга себеп болгон жагдай арыздануулардын көбү жарандык жана саясий укуктардын бузулушуна байланыштуу экени белгиленди. Андан тышкары жаңы ачылган жагдайлардын негизинде сот тартибинде кароо бардык иш боюнча жүргүзүлбөсү, айрым учурларда гана аткарылары айтылды. Адистер абактардагы кыйноолор курч көйгөй бойдон калып жатканын белгилешет.

Убактылуу кармоочу жайлардагы, тергөө абактарындагы кыйноолор, физикалык же психологиялык зомбулук курч көйгөй бойдон калууда.

Кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков мекеменин сунуштамалары жылдан жылга аткарылбай келе жатканын белгиледи.

Алсак, 2023-жылдын январь айына карата Улуттук борбордун сунуштамаларынын 3%ы гана аткарылган.

«Негизи ар бир өлүм кылдаттык менен иликтениши зарыл. Кээде күмөн туудурбаган учурлар болот, бирок ошол учурларда да тыкыр иликтөө жүрүшү керек. Андан кийин мамлекеттин карамагында болгон абактарда өлүм болуп кетпеши үчүн алдын ала кандай иштер жүргүзүлдү? Ага ким жооптуу болгон? Буга чейин абактагы адамдын ден соолугу, жүрүм-туруму кандай болгон? Ушул сыяктуу нерселерге байкоо жүргүзүп туруу зарыл. Жазаларды аткаруу тутумундагы жана аскер бөлүктөрүндөгү психологдордун жетишсиздиги маселесин көптөн бери айтып келебиз, бирок майнап чыкпай жатат».

2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын тергөө абактарында жана түзөтүү мекемелеринде он адам өз жанын кыйган, анын ичинде бир өспүрүм да бар.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өлкөдө жарандардын кыйноолордон эркин болуу укугу сакталбай жатканын айтат. Ал дүйнөлүк укуктук мамлекеттерде кыйноолор, кулчулук эбак жокко чыгарылганын мисал келтирип, Кыргызстанда жыл сайын көбөйүп бара жатканына тынчсызданды.

«Акыркы эки жылда кыйноолор көбөйүп, кайрылгандардын саны өсүүдө. Иштер сотко жетпейт, ошол себептен чечимдер жок. Башкы прокуратуранын жана кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун статистикалык маалыматтарын карасаңыздар, арыздар көп түшөт, тергөөгө келгенде иш жабылып калат да, сотко жеткендери 1-2% гана болот. Башка мамлекеттерде кыйноолорго кабылган кыргыз жарандары да бар, Абактагы зомбулуктан каза тапкандардын туугандары Кыргызстандан акыйкаттык таппай, эл аралык уюмдарга кайрылышат. Бул да — чоң көйгөй». 

2014-жылдан 2022-жылга чейин тергөө абактарынын жана убактылуу кармоочу жайлардын кызматкерлеринин укукка жат аракеттеринин 93 учуру катталган, алар укук коргоочулардын ишине тоскоолдук кылуу катары кабыл алынат.

Кыргызстан адам укуктары боюнча көптөгөн натыйжалуу мыйзамдарды жана эл аралык укуктук келишимдерди кабыл алган, бирок алардын дээрлик баары иш жүзүнө ашпай келет. Мындай пикирин укук коргоочу Эржан Кайыпов билдирип, өлкөдө кыйноолор негизги көйгөйлөрдүн бирине айланганын кошумчалады.

«Кыйноолордон эркин болуу укугу же кыйноого кабылбоо – бул чектелүүсү мүмкүн эмес болгон эл аралык укук. Мисалы, согуш, пандемия болобу, дүйнөдө кандай жамандык болбосун, эч бир адамды эч ким кыйнаганга укуктуу эмес деген жогорку стандарт дүйнө жүзү боюнча анын ичинде Кыргызстанда да кабыл алынган. Бирок ушундай бир абсолюттук болгон «кыйноого кабылбоо укугу» биздин өлкөдө таптакыр тепселенип калган».

Ошол эле учурда Кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борборунун маалыматы боюнча, акыркы беш жыл ичинде кыйноолорду, физикалык зомбулукту же кармалгандан кийин психологиялык басымды колдонуу деңгээли 1,5 эсе азайып, 2018-жылы 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6%га чейин төмөндөгөн.

Укук коргоочулар 2022-жылы да эң негизги укуктарды сактоо жаатында чоң өзгөрүүлөр болбогонун, жакыр катмарлар, аялдар менен балдар мурдагыдай эле жапа чегип келатканын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM