Биз менен байланышыңыз

Байсалов өкмөттү оставкага кетирүү чечимине жооп берди

Кыска кабар | 28 Апр 2023 | 440 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын өкмөттү отставкага кетирүү сунушуна жооп кайтарды.

Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялап, төмөндөгүлөрдү жазган:

«Адахан Мадумаровдун милдети — кандай болбосун, элдин биримдигине бүлүк салуу, кырдаалды туруксуздаштыруу. Анын бул аракеттери ишке ашпайт. Биздин эл анын жасалмалуулугун жана деструктивдүүлүгүн көрүп турат», — деди ал.

Эске салсак, кечээ, 27-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбаганына байланыштуу, «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 125-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Министрлер кабинетинин курамын отставкага кетирүү боюнча чечим кабыл алган.

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын өкүлү Мирбек Мунарбек уулу «Маралга» маек берип, өкмөт пенсияны, жөлөк пулду жашоо минимумга жеткире албаганын айткан. Ошондой эле фракциясынын чечими сөзсүз түрдө комитетте караларын жана чоң жыйынга чыгарыла турганын белгилеген.

«Бүтүн Кыргызстан»: Өкмөт пенсияны, жөлөк пулду жашоо минимумга жеткире алган жок

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM