Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык кардиолог дүйнөлүк ачылыш жасады (маек)

Блог | 28 Апр 2023 | 11623 | 0

Кыргызстандагы «Бикард» кардихирургиялык клиникасынын дарыгери жаңы ачылыш жасады. Буга чейин медицинада кооптуу делип, колдонулбай келген ыкма аркылуу бейтапты сактап калган бул окуя жаңы табылга катары дүйнөлүк атакка ээ болду. Ачылыштын автору, кардиолог Дамир Осмоновдон окуянын чоо-жайын сурадык. Ал бизге буларды баяндап берди.

Ооруканага бир бейтап оор абалда, демигип келди. Ал он эки жыл мурда аорта клапанын операция жолу менен алмаштырткан экен. Эхокардиографиядан карап көрсөк, аортага салынган протезде кан уюп, тромб пайда болуп, клапанды жаап калыптыр. Тромбдун көлөмү 2 сантиметрден да чоң эле. Негизинен клапанда чоң тромб пайда болгондо, операцияга жөнөтөбүз. Бирок бейтаптын салмагы оор, жүрөгү алсыз болгондуктан хирургдар операциядан баш тартышты.

Айлабыз кетип, кан суюлткан тромболитикалык терапия деген ыкманы колдонуп көрүүнү чечтик. Албетте, бул ыкма буга чейин деле колдонулуп келген. Бирок чоң тромбдо коркунучу бар. Кокус, тромб үзүлүп кетип, бөлүгү кан аркылуу мээге жетсе, бейтап инсультка чалдыгышы мүмкүн. Америка 0,8ммкөлөмдөн, Европа 10 мм көлөмдөн жогору болгон учурда операцияга жөнөтөт. Бейтаптын операция үчүн коркунуч жараткан тоболкелдиги өтө жогору болгондугуна байланыштуу операция жасалган жок.

Ары ойлонуп, бери ойлонуп тобокелге салууну чечтик. Себеби эриткенден башка жолубуз жок эле. Ыкманын эң негизги маңызы күчтүү кан суюлтуучу дарыны (тромболитикалык терапия) берип жатканда мээге кеткен эки чоң кан тамырга чыпка (фильтр) коюу болду. Андан кийин эки саат тромболитикалык терапия бердик. Токсон мүнөттөн кийин клапан иштей баштаганын көрдүк. Эки сааттан кийин клапан иштеген себептүү бейтаптын абалы жеңилдегенин байкадык. Эхокардиографияга салсак, клапан нормалдуу иштеп калыптыр. Андан кийин чыпканы чыгардык. Карасак, мээнин сол жарым шарынын тамырына коюлган чыпкада тромб бар экен. Тосулуп калгандыктан ал мээге жетпептир. Эгер чыпка жок болгондо, клапан иштегени менен тромб мээге куюлуп кетип, бейтап инсульт алып калат эле.

Учурда бейтаптын абалы жакшы. Демикпей калды, клапандары жакшы иштеп жатат. Албетте, кан суюлтуу ыкмасы буга чейин деле жасалып келген. Мээге кеткен кан тамырга чыпка (фильтр) коюу да жасалып келген ыкма. Бирок кан суюлтуу убагында чыпка коюу дүйнөдө биринчи жолу болуп жаткандыктан, жаңы ачылыш катары бааланды. Негизи кан суюлтуу убагында кандайдыр бир тоскоолдуктар бейтап канап кетпесин деп жасала бербейт.  Макаланы сегиз калыс карап чыгып, «Европа кардиологдору»  журналына (European Heart Journal) «Дүйнөлүк жаңы ачылыш: Уюган канды эритүүдө чыпканы колдонуу ыкмасы» деген ат менен макала жарыяланды. Бул макаланын өзү эле дүйнөдө мындай ыкма биринчи жолу колдонулуп жатканын тастыктайт.

Copyright © 2017 Maral FM