Биз менен байланышыңыз

Октябрда Бишкекте таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталат

Коом | 27 Апр 2023 | 338 | 0

Бишкекте таштанды полигонун иретке келтирип, таштанды иштете турган завод куруу маселеси буга чейин көп жолу көтөрүлүп, ишке ашпай келет. Жакында завод курууга инвесторлор табылганын мэрия жарыялады.

Бүгүн, 27-апрелде Чехиядан келген инвесторлордун катышуусунда маалымат жыйын өтүп, таштанды иштетүүчү заводдун курулушу октябрь айында башталарын айтышты.

Борбор калаадагы чоң көйгөйлөрдүн бири: таштанды полигонунун иретке келбей, атайын заводдун көп жылдан бери курулбай жатканы.

Буга чейин борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкектеги таштанды иштетүүчү заводду чехиялык компания кура турганын белгилеген.

«Завод курууга сарптала турган 45 млн долларды Чехиянын компаниясы бөлөт. Алардын таштанды иштетүүчү завод курууда чоң тажрыйбасы бар экен. Салынган инвестиция 15 жылда өзүн актайт. Ошондой эле таштанды тазалоону, чогултууну, аны иштетүүнү мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнүн негизинде ишке ашыруу да пландалып жатат».

Таштанды полигонун жөнгө салуу долбоорун эстониялык компания тендерден 2017-жылы эки жылдык мөөнөткө утуп алып, Бишкек мэриясы менен келишим түзгөн. 2019-жылы келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, 2020-жылы иштин 34%ы аткарылганда, пандемиядан улам токтоп калган. Андан соң келишим 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Келишимге ылайык, бул жай толук жабылып, жаңы полигон ачылышы керек. 21,3 гектар аянт 320 миң тонна таштандыга, колдонуу мөөнөтү 10 жылга эсептелген.

Мэрия менен инвесторлордун сегиз айдан бери жүргүзүлүп келген сүйлөшүүлөрүнөн оң жыйынтык чыгып, Бишкекте таштанды иштетүүчү завод курууну ушул жылдын октябрында баштоо пландалып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин директору Курманбек Молдокулов билдирди.

Анын айтымында, завод катуу коммуналдык калдыктардын 60%га чейинкисин кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет.

Таштандыны кайра иштетүү боюнча ири долбоорду Чехиянын HDT Impex компаниясы колго алды. Ал курулуш менен гана алектенбестен, Кыргызстандын борборунда таштандыга каршы кампания жүргүзүүнү пландоодо.

«Бул иш боюнча биз сегиз ай мурун сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. «Чехия мамлекетинде биздин маселенин чечүү жолдору жана инвесторлор бар», — деп, биз Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаевден жардамдашуусун, инвестор таап берүүсүн суранганбыз. Жаанбаев инвесторлор менен сүйлөштү. Сегиз ай мурун Бишкектин мэри Чехияга барып, инвесторлор менен жолугуп, аларды борбор калаабызга алып келген. Инвесторлор үчүнчү жолу келип жатат. Буга чейин жол картасын чийип кетишкен».

Чехиянын HDT Impex компаниясынын жетекчиси Ярослав Вебр белгилегендей, учурда техникалык-экономикалык негиздеме иштелип жатат, бирок жол картасына ылайык, заводдун курулуш аянтына капсула салуу ушул жылдын октябрь айына пландаштырылган. Имарат эки жылдын ичинде полигондун жанына курулууга тийиш.

«Бизде жөн гана завод салуу максаты жок. Биздин максат: таштанды маселесин шаар деңгээлинде гана эмес, өлкө деңгээлинде чечүү. Биздин долбоордун бир бөлүгү бала бакчалардан башталган агартуу иштери: таштандыларды сорттоонун, аны туура иштетүүнүн маанисин калкка жеткирүүгө багытталат. Консорциумдун командасы таштанды иштетүүчү завод куруу боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар, ошондой эле таштандыларды башкаруу жаатында ийгиликтүү иштеп жатат».

Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев кошумчалагандай, чехиялык компания курулуш менен гана алектенбестен, таштанды таштоочу жайдагы өрттү да өчүрөт.

Завод бардык заманбап стандартка ылайык курулуп, долбоор эки этапта ишке ашырылат.

«Катуу таштанды калдыктарын башкаруу системасын реформалоо» долбоору эки этаптан турат. Биринчи этабында кабыл алуучу бөлүм менен иргөөчү бөлүмдүн түзүлүшү пландалган. Ал эми экинчи этапта катуу коммуналдык таштандыларды кайра иштетүү менен ЭкоТехнопарк түзүлөт.

Анда калдыктарды кайра иштетүү (калдыктардан кургак отун), полимерлүү кум-чопо буюмдарын өндүрүү, пластикалык грануляцияны жана колдонулган дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү боюнча адистештирилген линияларды түзүү пландаштырылууда».

Азырынча техникалык-экономикалык негиздеме жок, кээ бир документтерге кол коюла элек болсо да, компания анын даяр болушун күтпөй, таштанды ылгоочу полигондо мобилдик орнотмолорду колдонууга даяр экендигин билдиришти.

Таштандыны рекультивациялоо долбооруна 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын жалпы суммасы 22 миллион еврого бааланган. Каражаттын бир бөлүгүнө таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруу пландаса, жарымы рекультивациялоого кетмек. Бирок бул иш азыркыга чейин аткарыла элек.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, ар бир жаран жылына 200 килограммдан ашык таштанды ыргытат. Бул таштандынын жарымынан көбүн пластикалык каражаттар түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM