Биз менен байланышыңыз

Тармактык комитет Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушун колдоду

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 258 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан алуу боюнча «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын сунушун колдоду.

Комитет бүгүн кезексиз жыйын өткөрүп, чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Эми комитеттин чечими Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча акыйкатчынын бир жылдык баяндамасын уккан. Бирок сөзүн аягына чыгарбай, баяндаманы толук укпай токтотушкан. Андан кийин Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү сунушу көтөрүлүп, ал тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Акыйкатчы (Омбудсмен) институту 2002-жылдын ноябрь айында адамдардын жана жарандардын укуктарын коргоо максатында түзүлгөн. Бул мекеме — мамлекеттик органдардын иш алып баруусун көзөмөлдөгөн, андагы маселелерди Жогорку Кеңешке жеткирип турган Парламентке караштуу көз карандысыз институт. Ал президентке да, өкмөткө да баш ийбейт. Парламент кандай чечим чыгарса, анын негизинде иш алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM