Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстан» Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылды

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 161 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Министрлер кабинетинин курамын отставкага кетирүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган фракция өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, чечим Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу, «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 125-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кабыл алынган.

Бул чечимдин көчүрмөсү талкуулап, жыйынтык чыгаруу үчүн тармактык комитеттин кароосуна жана Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгуу үчүн спикерге жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM