Биз менен байланышыңыз

Абдалиев: Кыргыз-америка кызматташтык келишимине кол коюуну тездетүү керек

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 215 | 0

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев 2015-жылы токтотулган кыргыз-америка кызматташтык келишимине кол коюу керектигин белгиледи.

Анын билдирүүсүнө ылайык, учурда эки тараптан түзүлгөн комиссия бул келишимди иштеп чыгып, азыр жаңы келишим даяр турат. Бирок белгисиз себептерден улам кол коюлюбай жатат.

«Азыр биздин негизги кызматташтык келшимибиз жок болуп турат. Ал эми Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын бул өлкө менен мындан сырткары көмөк көрсөтүү боюнча аскердик келишимдери дагы бар. Мына ушул келишимдин жоктугунан Америкага виза алуу кыйын болууда. Жарандар канчалаган кыйынчылыктарды көрүп, Мексика аркылуу Америкага мыйзамсыз жолдор менен барууда. Эгерде бизде кызматташытк келишими болгондо, ушул сыяктуу маселелер чечилмек», — деди депутат.

Ошондой эле ал бул маселе боюнча төрагага кайрылып, тиешелүү органдарга ишти тездетүү үчүн протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында кыргыз-америка алакасы солгундап кеткен. Ага Азимжан Аскаровго АКШ Мамлекеттик департаментинин «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгынын ыйгарылышы себеп болгон. Мындан улам Кыргызстан 2015-жылдын июль айында АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган көмөк көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.

Кыргыз Өкмөтү Азимжан Аскаровду сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандыруусу, массалык башаламандыктарды уюштуруусу, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо кызматкерин ырайымсыз түрдө өлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгонун жүйө келтирген.

Copyright © 2017 Maral FM