Биз менен байланышыңыз

Эмил Токтошев: Орусия кыргыз өндүрүшүнө кысым кылууда

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 249 | 0

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Эмил Токтошев жыл башынан бери Орусиянын Роспотребнадзор ишканасы тарабынан Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга бир тараптуу бөгөт коюу чаралары көбөйгөнүн сындады.

Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө болгон ар бир өлкө өндүрүштө тең ата өнөктөш болушу керек.

«Тилекке каршы, Кыргызстандын өндүрүмдөрүнө кысым күчөп кеткенин көрдүк. Атай кетсем, балык чарбасына, эң ири колбаса өндүрүүчү компания болгон «Тойбосско», сүт өндүрүүчүлөрүнө товарларын экспорттоого бөгөт коюлду. Ошол эле учурда айыл чарба өсүмдүктөрүн да текшерүү күчөгөнүн белгилеп кетем. Балык чарбасында өндүрүлгөн продукциялардын 90%ы Орусияга экспорттолуп келген, эгерде бул бөгөт алынбаса, анда бул тармак толук талкалануу коркунучунда турат. Же башка өлкөлөргө эспортко чыгууга жаңы рынок табуу керек», — деди Токтошев.

Ошондой эле ал маселени чечүүнүн бир катар жолдорун сунуштады. Анын баамында, башка товарларга да чектөөлөр кирбеши үчүн Роспотребнадзор менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Ошондой эле Орусиядан башка да Кытай, Өзбекстан, Түркмөнстанга экспорт кылуу жолдорун издөө керек.

Мындан сырткары Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиясына кайрылып, ЕАЭБ мыйзамдарынын принциптерин сактоону талап кылуу керектигин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM