Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык жабыркап, бирөө каза тапты

Кыска кабар | 26 Апр 2023 | 730 | 0

Орусиянын Шадринск шаарында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 25-апрелде Екатеринбург – Шадринск – Курган унаа жолунда катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Жеңил автоунааны Кыргызстандын жараны башкарып келе жаткан.

Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган кыргыз жараны алган жараатынан жеринен каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу жана 1999-жылы туулган жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Шадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган.

Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылууда.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргызстанга «жүк-200» жөнөтүү маселеси чечилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM