Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү жумушсуздукту азайтуу үчүн чакан бизнеске мүмкүнчүлүк берилди

Коом , Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 280 | 0

Кыргызстанда жумушсуздук — негизги социалдык-экономикалык маселелердин бири. Бүгүнкү күндө өлкөдө 142 миң адам жумушсуз катары катталган. Жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 5%га кыскарганын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭМ) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бюросунун директору Ольга Кулаева менен жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууда республиканын эмгек рыногундагы азыркы абалы жана өлкөдө иштегендердин эмгек жана турмуш шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Базарбаев жумушсуздардын санын кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча айтты.

«Эң натыйжалуу чара болуп президенттин муктаждыкка жараша жөлөк пул алуучуларды жеке ишкерлердин катарына которуу демилгеси болду. Чакан ишкана ачууга мамлекет 100 миң сомдон бере баштады. Дээрлик 13 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөк пулдан баш тартып, чакан бизнес тармагында иштөөнү чечишти. Бүгүнкү күндө иш менен камсыз кылуу тармагы 2,5 миллион адамды же 18 жаштан жогорку бардык кыргызстандыктын дээрлик 60%ын камтыйт».

Мындан сырткары Кыргызстанга чет элдик жумушчу күчү жыл сайын өкмөт тарабынан белгиленген квотанын негизинде тартылып келет. Эмгек ишмердүүлүгүн дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген 100дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү жүргүзөт, эң көп иштөөгө уруксат алгандар Кытай, Түркия, Пакистан, Индия, Корея, Иран, АКШ жана Европанын жарандары болуп саналат.

«Жаратман экономиканы өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинетинин маанилүү демилгеси «Санариптик көчмөн» долбоору болду. Көчмөн статусун Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Орусиядан анимация, графика дизайны, мультимедиа дизайны, программалоо, IT-өндүрүм иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармагында иштеген чет элдик адистер ала алышат.

Ошол эле учурда алар бир жылга иштөөгө уруксат алуу милдетинен бошотулат. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө 1400 чет элдик жаран «санариптик көчмөн» статусуна ээ.

Жолугушууда Кыргызстан менен ЭЭУнун эмгек шарттарын жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча бирдиктүү иш-аракеттери да талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM