Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга ипотекалык үйлөрдү салууну Сауд фонду каржылайт

Коом , Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 599 | 0

23-24-апрелде Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад башында турган делегация иш сапары менен Кыргызстанга келди. Анын алкагында фонддун башчысы президент Садыр Жапаров менен жолугуп, 130 млн долларды түзгөн эки кредиттик макулдашууга кол коюлду.

Сауд өнүктүрүү фонду «Менин үйүм» программасын жана Суусамыр-Талас-Тараз жолун курууну каржылай турганы айтылды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Амантур Өмүров фонддун 100 миллион доллары өлкө калкы үчүн жеткиликтүү турак жайларды курууга багыттала турганын айтып берди. Жалпысынан 2026-жылга чейин бул программаны ишке ашыруунун алкагында 50 миңден ашык жаранды үй менен камсыз кылуу пландалууда.

Өмүров аталган долбоорду ишке ашыруу тартиби боюнча айтып берди.

«Президенттин демилгеси менен Сауд өнүктүрүү фондуна турак жай программасын каржылоо долбоору сунушталган. Аны аткаруу боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания өткөн жылы август айында өткөн координациялык кеңештин жыйынында турак жай программасынын толук кандуу аткарылышын каржылоо долбоору сунушталган. Жарым жылдан кийин биздин сунушту Сауд өнүктүрүү фондунун директорлор кеңеши жактырып, өз натыйжасына чыкты.

Аталган долбоор өлкөнүн социалдык тармагына кошкон чоң салым болот. Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири калкты турак жай менен камсыз кылуу болуп саналат. Келишим боюнча курулуштун биринчи этабында өлкө калкы үчүн Бишкек шаарында жеткиликтүү турак жай курууга багытталат. Ал эми кийинки этаптарында өлкөнүн бардык аймагында улантылат. Сапаттуу турак жайлар курулуп, алдыга коюлган максаттар ишке ашырылса, Сауд өнүктүрүү фонду каржылоонун көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүүгө даяр экенин билдирди».

Copyright © 2017 Maral FM