Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кызматынан кеткен жок

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 525 | 0

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кызматынан кеткен жок. Учурда жарандарды кабыл алып, өз милдетин улантууда. Маалыматты Акыйкатчы институтундагы өздүк булактар тастыктады. Бүгүн Фейсбуктагы айрым активисттер анын кызматтан кеткенин жазышкан.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу киргизилип, ал тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Бирок бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйыны болгон эмес жана бул маселе каралган эмес.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова 2022-жылдагы иштери боюнча баяндама жасаган. Анда ал адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында аткарылган жаткан иштердин жыйынтыктарын айтып, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо чараларына көбүрөөк токтолуп өткөн.

Акыйкатчынын баяндамасын кабыл алууга 14 депутат макул болуп, 41 депутат каршы чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM