Биз менен байланышыңыз

Эки талапкер Ленин округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 191 | 0

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген эки талапкер берген арыздарын чакыртып алышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бекзат Иманкулов жана Нурлан Шапанов шайлоого катышуудан баш тартышкан.

Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниетин билдиргендердин саны 24кө жетти.

No26 Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Добуш берүү 28-майда болот. Шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин белгилүү болот.

Copyright © 2017 Maral FM