Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эмдөө алууга үндөгөн жумалык башталды

Ден соолук , Коом | 24 Апр 2023 | 1101 | 0

Бүгүн европалык эмдөө жумалыгы башталды. Өнөктүк дүйнө жүзүндө балдарды эмдөөнүн көрсөткүчү түшүп кеткенине байланышкан көйгөйдү чечүү максатын көздөйт. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана БУУнун Балдар фондунун колдоосу менен 24-апрелден 30-апрелге чейин Кыргызстанда эмдөө жумалыгын өткөрөт.

Бүгүн Кыргызстанда европалык эмдөө жумалыгы старт алды. Ал ар бир адам үчүн узак, дени сак жашоону камсыз кылууга көмөктөшкөн вакциналарга бирдей жана кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилөө максатында өтүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева бул жылы жумалык Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун «Боштуктун ордун толуктоо» өнөктүгүнүн колдоосу астында уюштурулуп жатканын билдирди.

Арыкбаева бүгүнкү күндө ар кайсы ооруларга каршы эмдөөдөн баш тарткандар көп экенин белгилеп, жарандарды убагында вакцина алууга чакырат.

«Европалык эмдөө жумалыгы калкты жугуштуу оорулардан сактоочу негизги профилактикалык иш-чаралардын бири катары иммунизацияга коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. 2020-жылдан бери кээ бир балдар вакцинанын бир же бир нече дозасын, анын ичинде кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасын өткөрүп жиберген деп болжолдоого негиз бар. Ата-энелер балдарын эмдөөлөрдүн толук курсунан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп, балдары вакцинанын бир да дозасын өткөрүп жибербеши үчүн, эгер өткөрүп жиберсе, мүмкүн болушунча тезирээк алышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонгону маанилүү».

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова бул өнөктүк Кыргызстанда 20 жылдан бери өткөрүлүп келерин, анын алкагында жыл сайын 50 миңдей адам эмдөөдөн өтөрүн кабарлады.

«Иммунизация эмдөө алган адамдарды гана эмес, жамааттык иммунитеттин жардамы менен вакцина ала албаган адамдарды да коргойт. Эмдөө кабинеттери менен кошо 7 күн бою бардык аймакта 76 мобилдик бригада да иштейт, алар профилактикалык эмдөө календарына ылайык балдарды жана чоңдорду пландуу жана буга чейин алынбай калган эмдөөдөн өткөрүшөт. Ошондой эле жетүүгө оңой болбогон аймактарда COVID-19га каршы эмдөө да өткөрүлө турганын белгилегим келет».

ДССУнун Кыргызстандагы аймактык жетекчисинин атайын өкүлү Шахин Хусейнов билдиргендей, бул жумалык Европа өлкөлөрүндө жыл сайын өткөрүлүп келет.

Анын айтымында, өнөктүк оорулардын алдын алуу жана адамдардын өмүрүн коргоого багытталган иммунизацияны кеңири таанытууга жардам берет.

«Европалык эмдөө жумалыгы биринчи жолу 2005-жылы өткөн жана ага саналуу гана өлкөлөр катышкан. Ал эми учурда өнөктүк коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү эң көрүнүктүү жана белгилүү өнөктүктөрдүн бирине айланып кетти. «Ар бир бала вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укуктуу» деген маалыматты жайылтуу аркылуу көбүрөөк баланы эмдөө демилгенин максаты болуп саналат. Кыргызстандын, ДССУнун жана башка өнөктөштөрдүн ортосунда уланып жаткан кызматташтыктын аркасында биз COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңдик. Эми адамдарды вакцинанын жардамы менен алдын алууга мүмкүн болгон коркунучтуу оорулардан коргоого багытталган иш-чараларды улантабыз деп ишенебиз».

Ал эми ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло жакында эле уюм иммунизациялоо жөнүндө «2023-жылга карата дүйнөдөгү балдардын абалы: ар бир бала үчүн эмдөө» аттуу жаңы глобалдык баяндамасын чыгарганын маалымдады.

«Анда баштапкы медициналык-санитардык жардамды жана саламаттык сактоо тармагында иштеген кадрларды чыңдоо каралган. Саламаттыкты сактоого жана иммунизацияга кеткен чыгымдардын натыйжасын жогорулатууга, вакцина продуктуларына жаңы инновацияларды киргизүүгө чейинки бир катар чечимдер бар. Коомчулукту тартып, вакциналар жөнүндө жалган маалыматтарга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү менен өткөрүлгөн бул иш-чаралар балдарды эмдөө масштабын калыбына келтирүүгө жардам берет деп ишенебиз».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл сайын балдарды эмдөөдөн 12 миңге жакын адам баш тартат. Айрымдары диний көз караштардан улам каршы чыгышса, ата-энелердин 20 пайызы препараттардын сапатынан күмөн санайт. Арасында балдарынын эмдөөдөн өткөнүнөн кабары жок мигранттар да бар.

Министрлик калкты вакцинадан баш тартпоого жана анын убактысын өткөрүп жибербөөгө чакырат. Ошондой эле мекеме бул багытта муфтият менен биргеликте иш алып барууда

Кыргызстанда европалык эмдөө жумалыгы 24-апрелден 30-апрелге чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM