Биз менен байланышыңыз

Екатеринбургда жоголгон кыргызстандык өспүрүм табылды

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 461 | 0

Орусияда жоголгон кыргызстандык өспүрүм табылды. Учурда ал ата-энесинин колуна келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ушул жылдын 21-апрелинде Екатеринбург шаарында жашаган А.А. аттуу өспүрүм эртең мененки саат 7:00дө мектебине чыгып кетип, ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес. 22-апрелден жоголгон баланын ата-энеси Орусия ИИМинин Екатеринбург шаардык башкармалыгына арыз жазышкан.

Бул иш боюнча маалымат алган Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери баланын ата-энеси менен жолугушуп, милиция кызматкерлерине тезирээк табуу өтүнүчүн беришкен.

Табылган баланын жакындары издөөгө катышкан Башкы консулдукка, милиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана бардык камкор жарандарга ыраазычылык билдиргени айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM