Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуу долбоору коомдук талкууда

Кыска кабар | 24 Апр 2023 | 252 | 0

Президенттин администрациясы Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып, аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигине берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлду.

Маалыматта документ прокуратура органдарындагы тергөөдө коррупцияны жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмакты камсыз кылуу үчүн даярдалганы жазылган.

2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.

Ушул тапта Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Башкы прокуратуранын тергөө жүргүзүүгө укугу бар.

Copyright © 2017 Maral FM