Биз менен байланышыңыз

21-апрелден тарта Орусия Кыргызстандын сүт азыктарын киргизүүгө тыюу салынды

Кыска кабар | 22 Апр 2023 | 443 | 0

21-апрелден тарта Орусиянын Россельхознадзор ведомствосу Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын өлкөгө киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында жазылды. 

Мындай чечим 10-16-апрель күндөрү Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн ишканаларын жана сүт өндүрүү, сүт топтоочу жайларын кыдырып чыккандан кийин кабыл алынды, — деп жазылат маалыматта. 

«Инспекциянын натыйжасында Орусияга экспорттолуп келип жаткан продукцияларды аталган өлкөнүн жоопкерчиликтүү органы сүт азыктарын өндүрүүнүн талаптарын толук сактоону көзөмөлдөөгө компетенциясы жетпегени аныкталды» — деп билдирген Россельхознадзор.

Ошондой эле, Кыргызстанда сүттү өндүрүүнүн жүрүшүн толук көзөмөлгө алуу системасы жоктугун, компаниялар сүттүн тийиштүү документи жок кабыл алып жана маркировкасыз сактап жатканын да айткан.

Бул киргизилген чектөө Кыргызстандын ветеринардык кызматы кайра карап чыгып, ЕАЭБдин жана Орусиянын талаптарына жооп бергенде гана алынышы мүмкүн.

 

Copyright © 2017 Maral FM