Биз менен байланышыңыз

Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолуна таш кулап, убактылуу жабылды

Кыска кабар | 22 Апр 2023 | 182 | 0

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 82-чакырымына 22-апрель түнү таш кулап, жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык,  түнкү саат 02:00 чамасында зоо таштары кулаган, бактыга жараша жабыр тарткан жарандар жок. Кырсыктын кесепетинен чон чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлгөн. Учурда №26 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүчү, 1 бульдозери тартылган.

Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тарабынан унаа жолго чектөөлөр киргизилген. Жолду ачуу иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM