Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады (текст)

Кыска кабар | 21 Апр 2023 | 813 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы куттуктоосунда Кыргызстан элине, ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, бакыт, тынччылык жана бакубат жашоо каалап өттү. Мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы болгон — Рамазан айынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Ошондой эле, «Ислам — сабырдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн дини. Анын баалуулуктары улуттук каада-салттар менен айкалышып, элибиздин руханий өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлейт. Мусулманчылык туура жолго салып, жакшы иштер менен сооп табууга, күнүмдүк турмушта акылмандыктын, айкөлдүктүн жана токтоолуктун үлгүсү менен жашоого үндөйт. Жараткан Кыргызстаныбызга береке, тынчтык жана өнүгүү берсин, элибизге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик ыроолосун!
Аруу тилектерибиз, асыл ой-максаттарыбыз ишке ашсын», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-апрелде Кыргызстанда Орозо Айт майрамы белгиленүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM