Биз менен байланышыңыз

Туманбаев: Баткендеги үйлөрдүн курулушуна мамлекет каражаттын 90 %ын төлөгөн

Кыска кабар | 20 Апр 2023 | 354 | 0

Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча мамлекет тендерден уткан компанияга келишим боюнча каражаттын 90 %ын төлөп берген. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев «Кабарга» билдирди.

«Мамлекет Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча тендерден уткан курулуш компаниясына акча каражаттарын толук берген. Азыр болгону каражаттын 10% гана бербей кармап турабыз. Себеби курулган үйлөрдү биз толук кабыл алып бүтө элекпиз. Курулуш сапаттарын текшерип бүткөндөн кийин, анан калган 10% которуп беребиз. Келишимде ушундай каралган. Ал эми курулуш компания жумушчуларына эмне үчүн эмгек акыларын бербей, маселе жаралып жаткандыгы бул ошол компаниянын ички жеке маселеси. Буга иш башкармалыктын эч кандай тиешеси жок», — деди Каныбек Туманбаев.

300дөй жумушчу аткарган иши үчүн 30 млн сомду 7 айдан бери ала албай жаткандыгын айтышып, атайы Бишкекке келишип, президенттин кабыл алуусун суранышкан.

Copyright © 2017 Maral FM