Биз менен байланышыңыз

Маркетплейстерде соода кылган кыргызстандыктардын катары өсүүдө

Коом , Экономика | 20 Апр 2023 | 631 | 0

Учурда Кыргызстанда 257 электрондук соода сайттары иштейт. Акыркы кезде Amazon, Wildberries, Ozon, Alibaba өңдүү онлайн соода аянтчаларында ишкердик кылгандар көбөйүп жатат. Мындай аянтчалар өз чөйрөсүндө «маркетплейс» деп аталат.

Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн зарыл болгон каржылык төлөмдөр, эл аралык аянтчаларда соода жүргүзүүнүн пайдасы жана Кыргызстандын брендин өркүндөтүү өңдүү маселелер бар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 257 электрондук коммерция сайты иштейт. Анын 72%ы көп тармактуу дүкөндөр, калган 28%ы онлайн соода аянтчалары.

Электрондук коммерциядан бюджетке түшкөн киреше жыл сайын 18%га өсөт деп болжолдонууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жусумалиев билдирди.

2027-жылга карата онлайн базарынын болжолдуу көлөмү дээрлик 1 млрд долларды (797 миллион) түзөт, ал эми колдонуучулардын саны 3 миллион адамга жетет.

Өлкөдө электрондук коммерция паркын ачуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу пландаштырылып жатат.

«Электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн алгач бир нече маселени, тактап айтканда, бул чөйрөдөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу, чек ара аймактарында товарлар үчүн бажы кампаларын түзүүнү чечүү зарыл. Бирдиктүү терезе принциби боюнча мамлекеттик органдардын жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын электрондук кызматташтыгы үчүн шарттар зарыл.

Мындан сырткары биз Finmarket.kg каржы рыногун жана санариптик улуттук валютаны киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Аны менен өлкөдөгү алмашуу процесстерин жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, интернет аянтчаларда кыргызстандык товарларды жайылтуу, ошондой эле мыйзам базасын оптималдаштыруу жана электрондук коммерция чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлөт».

Маркетплейс – бул ар кайсы компаниялар товарларын саткан интернет-дүкөн, кенен соода аянтчасы.

Америкалык Amazon компаниясы 2021-жылдын 24-майында кыргызстандык жарандар үчүн түз катталып иштөө мүмкүнчүлүгүн ачкан.

Дүйнөдөгү электрондук коммерция боюнча эң ири платформалардын бири, америкалык Amazon компаниясы кыргызстандык өндүрүүчүлөргө товарларын түз сата турган аянтча болуп, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү Amazon сайтына түз катталып, товарларын дүйнө жүзүнө сунуштай алат.

Amazon боюнча бизнес-тренер, жаш ишкер Чубак Шаршенов Amazon маркетплейси аркылуу жарандар кандай пайда таба аларын айтып берди.

«Кыргызстанда туруп Кытайдан товар буюртма кылып Amazon`дон сатып акча тапса болот. Бул маркетплейс 16 мамлекетте ийгиликтүү иштеп жатат. Ошол эле кезде онлайн соода аянтчасы аркылуу Америка, Бириккен Араб Эмираттарына товарларды сатса болот. Биз көбүнчө Америка аркылуу соода кылып иштейбиз, анткени ал жакта рынок аябай чоң жана доллар менен жакшы киреше тапса болот. Американын рыногунда жок товарларды маркетплейске киргизип, ал товар аттаандаштыкка туруштук бере ала тургандай болсо, суроо-талап чоң болуп, бат сатылып кетет».

Ал эми OZON маркетплейси 23 жылдан бери рынокто. Аталган интернет-компания Орусиядагы электрондук коммерция тармагында экинчи орунда турат. Анын ушундай аталыштагы маркетплейсинде китептен баштап, азык-түлүк жана башка 20 категориядагы товарлардын 150 миллиондой түрү сатылат.

Өткөн жылдын декабрь айында эл аралык бизнести өнүктүрүүнүн алкагында Ozon Бишкекте сорттоочу борборду ишке киргизген. Анда буюртмаларды кабыл алуу, аларды комплектациялоо жана таңгактоо, кайтаруу иштери аткарылат.

Ишкер Назгүл Кыштобаева Ozon маркетплейси аркылуу соода кылып, жергиликтүү товарларды башка өлкөлөргө сатуу менен алектенип келет. Ал Ozon`дун башка маркетплейстерден айырмачылыктары жана артыкчылыктары тууралуу ой бөлүштү.

«Негизи бул тармакка 2019-жылы кызыга баштадым. Себеби кичинекей балам менен үйдө отуруп калып, дүкөндөргө чыкканга убакыт, мүмкүнчүлүк да болбой, Түркия жана Кытайдан товарларды буюртма берип сатып алып жаттым. Ошондо маркетплейс тууралуу угуп калдым. Башында Wildberries, OZON маркетплейстери жөнүндө маалыматтарды чогултуп, 2020-жылы катталганга мүмкүнчүлүк болду. Бирок бир жылга жакын киреше түшкөн эмес. Андан кийин менеджер болуп иштөөгө өтүп, азыр болсо ишкерлерге маркетплейс аркылуу товарларын сатууга жардам берип келем.

Wildberries менен OZON`дун айырмачылыгын айтсам, OZON`дун кызмат көрсөтүүлөрү ишкерлер үчүн ыңгайлуу. Мисалы, кандайдыр бир маселелер же суроолор жаралса, тез реакция кылып жардам беришет. Андан тышкары OZON`до ички жарнама бар, тагыраагы, ишкер өз товарларын жарнамаласа болот».

Чет элдик ири онлайн соода аянтчалары Кыргызстандын жарандары менен 2021-жылдан баштап расмий иштей баштаган.

Талдоочулардын айтымында, жакынкы жылдары өлкөдө электрондук коммерциянын деңгээли жогорулайт, себеби жергиликтүү базарга көптөгөн маркетлейстер кире башташты.

Чакан мамлекет болгондуктан маркетплейстер аркылуу экономикабыздын көрсөткүчтөрү да тездик менен өзгөрүлө турганы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM