Биз менен байланышыңыз

Баңгизаттарга байланыштуу окуучулар арасында текшерүү жүргүзүү сунушталууда

Билим-маданият | 19 Апр 2023 | 684 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова окуучулар арасында баңгизаттарга байланыштуу пландык текшерүүлөрдү жүргүзүп турууну сунуштады. Анын айтымында, учурда окуучулар синтетикалык баңгизаттарды мектеп имараттарында эле колдонушат. Өлкөдө жакында эле баңгизат саткан дүкөндүн айрым жумушчулары кармалган. Бул окуя коомдо чуу жаратып, баңгизат менен күрөшүү маселеси көтөрүлгөн. 

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова мектеп окуучулары массалык түрдө синтетикалык баңгизаттарды колдонушарын белгилеп, атайын текшерүү жүргүзүп туруу керектигин сунуштады.

Ал мурда окуучулар баңгизатка байланыштуу атайын текшерүүдөн өтүп турганын, учурда андай көзөмөл токтоп калганын айтты.

«Мурда окуучулардан атайын шилекей алып текшерип турушчу. Анын натыйжасында баңгизат колдонгон-колдонбогону аныкталчу. Учурда мындай текшерүүлөрдү көрбөй калдык. Азыр Ички иштер министрлигинде бул боюнча ченемдик акт барбы? Белгилүү бир убакта текшерилип турабы? Бул текшерүүнү кайра жандантуу керек. Себеби окуучулар массалык түрдө синтетикалык баңгизаттарды колдоно баштады. Муну ИИМ Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте текшерип турушу керек. Себеби колдонгон окуучулар өз ыктыяры менен келишпейт».

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мектеп окуучулары баңгизат колдонгону тууралуу маалымат түшкөндө гана текшерүүдөн өтүшү мүмкүн экенин айтат. Ошол эле учурда ал министрлик тарабынан мектептерде такай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келерин билдирди.

«Ар бир мектепте биздин кызматкерлер бар. Мындан сырткары министрликке караштуу Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы бул жаатта мектептер менен байланышта болуп, маалымат алып турушат. Эгер кайсы бир мектепте окуучу баңгизат колдонуп жатат деген маалымат түшсө, бул боюнча материалдарды каттап, текшерүүлөрдү жүргүзөбүз».

Бишкек шаарында буга чейин эл аралык маңзат топторунун биринин мүчөлөрү кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, кармалгандардын арасында борбордогу мектептердин биринин 9-11-класстарынын окуучулары бар экени аныкталган.

Тинтүү учурунда алардын баштыктарынан жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык баңгизат жана синтетикалык заттар табылган. УКМК кармалган баңгизаттан түшкөн каражаттын көлөмү 11 миллион 857 миң сомго жетиши мүмкүн деп эсептеген.

Билим берүү жана илим министрлигинин тарбия иши бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Индира Токонованын маалыматына караганда, өткөн жылы мектептерде тамеки тартуунун, баңгизат колдонуунун алдын алуу максатында буйрук иштелип чыккан.

Анын алкагында 6-класстан 11-класска чейин атайын класстык сааттар киргизилген. Бүгүнкү күндө мектептерде пландык текшерүү эмес, рейддер жүргүзүлөт.

 «2022-жылдын 17-августунда Билим берүү министрлиги атайын буйрук чыгарган. Мында баңгизатты колдонуунун алдын алуу боюнча да темалар киргизилген. Мисалы, «Көңүл бургула, коркунучтуу компания!» «Кубанычтын иллюзиясы», «Кечелердин падышасы» деген сыяктуу бир канча класстык сааттар каралган. Пландык текшерүү эмес, рейддер жүргүзүлөт. Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жүрөт. Эгер кайсы бир окуучунун баңгизатты колдонушу мүмкүн деген күмөн жаралса же колдонсо, алардын ата-энелерине билдирүү берилет. Ата-энелерге накологияга барып, текшертүү сунушталат».

Психолог Бермет Төрөниязова баңгизаттарды же ушуга окшош заттарды колдонгондордун көбү үй-бүлөсүндө пикир келишпестик болгон, жакындарынан колдоо таппаган өспүрүмдөр экенин айтат.

«Баңгизаттарды колдонууга көбүнчө психологиялык абал алып келет. Эгер үй-бүлөдө бала ата-энеси менен тил табыша албай жана башка ушул сыяктуу көйгөйлөргө туш болсо, ушундай заттарды колдонуп башташат. Муну менен катар жөн эле даамын татып көргүсү келгендер да болот. Психологиялык көйгөйлөрү бар балдар мындай заттардан тез убакыттын ичинде көз каранды болуп, жыйынтыгында дайыма колдонууга үйрөнүп, тамак сыяктуу организмге керек болуп калат. Бул затты колдонгон бала көйгөйлөрүн унутуп, кандайдыр бир убактылуу жыргалчылыкка тушугат. Ал зат организмден тарагандан кийин өспүрүм кайра ошол абалга кайткысы келе берет. Ошондуктан тез эле тартылып кетип жатышат».

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы кылмыштардын бирдиктүү реестрине баңгизаттарга байланышкан 1248 кылмыш иши катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 852 килограммдан ашуун баңгизат алынган.

Ал эми жашы жете элек балдарга врачтардын сунушу жок дары сатканы боюнча Бишкек шаарындагы эки дарыканага 50 миң сомдон айып салынып, дагы бир дарыканага 29 миң сом айып чегерилген.

Copyright © 2017 Maral FM