Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №1 мектептин бардык мугалими ишинен алынды

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 882 | 0

Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатынын мугалимдери жана жалпы педагогикалык курамы иштен бошотулду. Бул тууралуу «Маралга» мэриянын алдындагы Билим берүү департаментинин жетекчиси Айнура Арстанбекова билдирди.

17-апрелде мектеп-интернаттын мугалимдери жаңы дайындалган директорго каршылык көрсөтүшүп, нааразычылык билдиришкен. Бул ишке окуучуларды аралаштырышып, алар таң эрте мектептин алдына тизилишип, колдоруна ар кандай плакаттарды кармап, «Келбесин!» деп кыйкырып турушкан.

«Мектептин 100% педагогикалык курамы иштен бошотулду. Кечээ, 18-апрелде жаңы мугалимдер алынып, толугу менен жаңы жамаат түзүлдү. Тагыраагы, 61 мугалим, жана ашпозчу, чарба кызматкерлери алынды. Бүгүн эртең менен окуучулар сабактарын кадимки режимде окуп башташты.

Ошол күнү прокуратуранын өкүлдөрү келип, мугалимдер ызы-чуу уюштуруп, ага окуучуларды катыштырып койгонун, сабак өткөрбөгөнүн мыйзам бузуу деп аныкташкан. Жаңы жетекчи дайындалып, иш алып барууда».

Copyright © 2017 Maral FM