Биз менен байланышыңыз

Кытай менен Бразилия Крымды Орусияга толук өткөрүп берүүнү сунуштады

Дүйнө | 19 Апр 2023 | 385 | 0

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча Кытай менен Бразилиянын сунушун кубаттады.

Лавров шейшемби күнү Венесуэланын борбору Каракастагы маалымат жыйында: «Биз Кытайдын сунушун колдойбуз, бул боюнча Бразилия менен сүйлөшүү жүргүздүк. Ал абдан пайдалуу сунуш деп эсептейм, анткени көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет», — деген оюн билдирди.

Лавров Крым жарым аралын толугу менен Орусияга кошуу каралган «тынчтык сунушун» Батыш өлкөлөрү кабыл албай турганын түшүндүрдү.

Ал эми Владимир Зеленский Украина Крымды кайтарып алганда гана жаңжалда тынчтык орной турганын айтып келет.

Буга жооп катары Сергей Лавров: «Биз: «Украина Крымдын укуктарын сыйлайт», — деп үмүттөнөбүз. А Батышты мурунтан эле билебиз, алар Крымды кайтарып берүүнү талап кылып жатышат», — деди.

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва анын өлкөсү Орусия менен Украинанын сүйлөшүүгө ортомчулук кылууга жардам бере аларын айтып, жаңжалды токтотуу үчүн Киев Крым  жарым аралынан баш тартышы керектигин белгилеген.

Өткөн аптада Лула Кытайга барып, эки өлкө тең жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү чакырыгын кайталаган.

Лула негизинен өнүгүп келе жаткан өлкө лидерлеринин жолун жолдоп, Украинадагы согушка кийлигишпөө саясатын карманган. Ошентсе да ал ишемби күнү АКШ менен Европа Биримдиги эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык сунушу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоосу керектигин айткан.

«Кошмо Штаттар согушту кубаттоону токтотушу  керек. Путин менен Зеленскийди азыркы учурда баарынын кызыкчылыгы тынчтык экенине ынындырып, Европа Биримдиги тынчтык жөнүндө сүйлөшүүлөрүн башташы керек”, — деди Лула ишемби күнү Пекинде журналисттерге.

Кошумчалай кетсек, АКШ жана Евробиримдик Орусиянын баскынчылыгы учурунда Украинага курал-жарак жиберип, жардам берип турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM