Биз менен байланышыңыз

Таластын Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 616 | 0

Президент Садыр Жапаров «Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган.

Ага ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды.

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Кайрагач айылы деп кайра аталды.

Талас облусунун Кара-Буура району Айтматов району деп кайра аталды.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеп, буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде колдоо тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM