Биз менен байланышыңыз

84 кг алтынды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 464 | 0

Кыргызстанга 84 кг алтынды мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде «Ак-Жол» товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан JAC үлгүсүндөгү унаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды.

Унаанын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок болгон.

Учурда мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM