Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик өнүктүрүү банкын Улан Сарбанов жетектейт

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 370 | 0

«Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКын Улан Сарбанов жетектейт. Мындай чечим Мамлекеттик банктын директорлор кеңеши тарабынан 19-апрелде кабыл алынган.

Бишкек шаарындагы Москва көчөсү, 151 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2022-жылы 31-майда Министрлер кабинетинин чечими менен түзүлүп, ошол жылы 25-июлда каттоодон өткөн, 27-октябрда ишин баштаган.

Банктын негизги максаты: чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыя берүү. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жалпы капиталы 2 миллиард сомду түзөт.

Банктын башкармалыгын буга чейин Евгения Судец жетектеген.

Улан Сарбанов 2000-2006-жылдары Улуттук банктын төрагасы болгон. 2021-жылдын октябрынан бери Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM