Биз менен байланышыңыз

Райондук сот журналист Семетей Талас уулуна карата өкүм чыгарды

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 365 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 18-апрелдеги өкүмү менен журналист Семетей Талас уулу Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу «Маралга» соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Журналистти 3 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренесинин негизинде журналист бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуу менен жаза өтөөдөн бошотулду.

Былтыр ноябрда Семетей Талас уулу ИИМге суракка чакырылган. Ал Кылмыш жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» боюнча козголгон кылмыш иши алкагында 48 саатка камакка алынган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2022-жылдын 18-февралында Семетей Талас уулунун үйү тинтүүгө алынып, өзүн кармап кетишкен.

Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM