Биз менен байланышыңыз

Кооперативден жабыркагандар: «Эки айда үй алып беребиз» дешкен…

Коом | 18 Апр 2023 | 772 | 0
Сүрөт, видео: Айтурган Талантбекова

S-LINE кооперативинин мүчөлөрү бүгүн, 18-апрелде Бишкекте Жогорку Соттун имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп, президентке кайрылышты. Ушундай эле акция Баткен, Жалал-Абад жана башка аймактардан келген жарандар тарабынан Ош шаарында да өткөрүлдү.  

Алар кооперативге салган акчасын кайтарып ала албай калганын айтышып, маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү керектигин өтүнүштү.

ИИМдин маалыматында, былтыр турак жай кооперативдерине акчасын алдаткан миңге жакын адам арыз менен кайрылган. Жалпы чыгым 883 млн сом деп эсептелген. Ошого карабай кооперативдерден үй алам деп, үмүт артып жүргөндөр азая элек.

Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну Карамат Бердигулова 10 жылдан ашык миграцияда жүрүп, топтогон миллион сомун S-LINE кооперативине берген. Эки айда үй алуу максаты ишке ашпай, үй-бүлөсү менен батирден батирге көчүп, акчасын кайтара албай, айласы куруп турганын айтып берди.

«2021-жылы июнда барып жазылгам. Мага «эки айда үй алып беребиз» дешкен болчу. Сөзүнө турбай, убадаларын аткарган жок, эки жылдан бери бара турган жерибиз калган жок. Мыйзам, соттор, адвокат-юристтер карапайым элдин тарабына иштебей жатышат. Мыйзамдар иштебей жатат, чындык жок, тогуз жолдун тоомунда калдык. Жети дубандын элин алдаган Бакыт Аалиев, иниси Жанарбек Аалиев күнөөлөрүн өз мойнуна албай жатышат. Ушунча элди алдагандарга эмне үчүн чара көрүлбөйт, жазаланбайт?».     

S-LINE кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиевди былтыр 16-мартта Ош шаардык милициясы кармап, сот 22-мартта камактан бошоткон. Ошол эле күнү милиция Ош шаарынан кармап, Бишкекке алып келген. Ал кезде Аалиев 24 кишиге 40 миллион сом карыз экени айтылган.

Ал эми Бишкек шаардык соту Бакыт Аалиевди 24-майга чейин камакта калтырган. Шаардык сотко Аалиевдин адвокаттары үй камагына бошотууну өтүнүп кайрылган.

Сот болуп турган учурда S-LINE кооперативине акчасын берип, бирок үй алалбай калган жарандар Аалиевди үй камагына чыгарбоону талап кылып, акция өткөрүшкөн.

Ысык-Көл облусунун тургуну Зуура Имашева кооперативдин жетекчиси кармалганынан эч кандай жыйынтык чыкпаганына, сот чечим чыгарбай, ишти созуп жатканына нааразы.

«Элдин талабы менен Аалиев кармалып, камалды. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Жадагалса жасаган ишин мойнуна албай түрмөдөн: «Керек болсо силер да жатасыңар түрмөдө», — деп коркутуп жатат. Сот процессин башында башка сот карап, убакытты созуп чечип бере алган жок. Кийинчерээк суранып жатып, ишти башка сотко өткөрүп беришти. Эми жумуш алдыга жүрүп баштаганда Аалиев 10 адвокат жалдады да, маселебиз чечилбей калды. Мыйзам эмне үчүн ушундай адамдарга иштебейт? Карапайым элди ким ойлойт?».

Бакыт Аалиев буга чейин «Сейф бизнес» тармактык бизнесин түзгөн. Ал жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок аткарбай койгон деп, алдамчылыкка шек саналууда.

Бишкек шаарынын тургуну Тамара Солтонбаева эгер май айына чейин соттун чечими чыкпаса, кооперативдин жетекчиси камактан бошотулат. Азыркы тапта бул иш Биринчи Май райондук сотунун карамагында. Солтонбаева президентке кайрылып, акыйкат чечим чыгуусуна жардам берүүнү суранды.

«Эгер май айында соттун чечими чыкпаса, Аалиев камактан бошотулат. Анткени соттун чечими жок тергөө абагында бир жылдан ашык отурганга болбойт экен. Биз мыйзам баарына бирдей иштесе дейбиз. Учурда 209 кооператив өкүлү бар, анын ичинен 93үбүз арыз жазганбыз. Арыздар Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Ошону эртерээк чечип, өзүбүз берген акчаны эле кайтарып берүүсүн суранабыз».

Жогорку Соттун алдына чогулгандарга Президенттин администрациясынын өкүлү чыгып, маселени чечүү боюнча иштер алып барылып жатканын, дагы убакыт керектигин белгиледи.

Жогорку Сот бул иш боюнча комментарий бере элек.

Ушундай эле митинг бүгүн Ош шаарында да өттү. Ага Жалал-Абад, Баткен, Ош жана башка аймактардын тургундары келишти. Чогулгандар S-LINE кооперативинен жабыркагандар боюнча соттук отурумдар тезирээк өтүшүн талап кылышты.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз. Мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алар 70тин тегерегинде деп эсептелет.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын былтыр жарыялаган эсебине ылайык, Кыргызстанда кеминде 200 миң адам турак жайга муктаж. Бийлик 2026-жылга чейин 60 миң кишини үйлүү кылуу убадасын берген.

Copyright © 2017 Maral FM