Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Ош унаа жолу ачылды

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 144 | 0

Бишкек  Ош унаа жолу унаалардын өтүүсү үчүн эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, унаалардын өтүүсүнө бардык чектөөлөр алынды.

«Бирок, учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жүрүп жатат. Жол куруучулар кар күрткүлөрүн тазалоо жана жолго инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 17-апрелде аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек  Ош жолу бардык унаалар үчүн убактылуу жабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM