Биз менен байланышыңыз

Илон Маск: Жасалма интеллекттин өнүгүшү — адамзат үчүн кооптуу

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 549 | 0

Жасалма интеллекттин өнүгүшү адамзат үчүн өтө кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин атактуу бизнесмен Илон Маск билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазды.

Илон Масктын пикиринде, жасалма интеллект начар куралган унаа менен учактан бир канча эсе коркунучтуу. Анткени анын цивилизацияны жок кылып коюу мүмкүнчүлүгү бар.

Бул маселе америкалык кинорежиссёр Жеймс Кемерон тарткан «Терминатор» тасмасында баяндалганын айткан ишкер жасалма интеллект аң-сезими маалымат таратуу борборунда кармалып, роботтор соңку фактор катары эле кызмат өтөп калышарын белгилеп өткөн.

Ошондой эле жасалма интеллекти өчүрүү кандайдыр бир кесепеттүү окуядан кийин адамдардын эсине келиши мүмкүн экенин, бирок бул маалда өтө кеч болуп каларын эскерткен миллиардер.

Анын айтымында, бул учурларда жасалма интеллект өзүн көзөмөлдөөгө, коргоого жетишип калышы толук ыктымал.Андыктан аны өчүрүүгө аракет жасаган адамдын өзүнө коркунуч жаратып коюшу мүмкүн.

Илон Маск аны менен катар жасалма интеллект адамзат үчүн чечим чыгарып коё турган чекке жакындап баратканыбызга тынчсыздануусун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM