Биз менен байланышыңыз

«Тажикстан чек араны 1924-жылдагы карта менен чечүүнү сунуштоодо»

Кыска кабар | 18 Апр 2023 | 2386 | 0

Тажикстан менен болгон чек ара маселеси акырындан чечилип жатат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы иш өтө жай жүрүп жатканын моюндап, эки тарап тең макулдук берсе, бир айлык эле жумуштар калганын белгиледи.

«Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатышып эле айрым тилкелерге келгенде «бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели» деген сунуштарын киргизе салып жатышат. Ошол үчүн маселе токтоп калып жатат. Чындыгында 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек», — деди Президент.

Ал ошондой эле эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан майга чейин бүткөрүүнү болжолдошконун, бирок ал убакта деле бүтпөй калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM