Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №102 мектептин жамаатын нааразы кылган иштин чоо-жайы

Коом | 17 Апр 2023 | 2833 | 0

Бишкектеги №102 мектептин окуучуларынын ата-энелери жана кызматкерлери өткөн айда жарыяланган сынакта жеңип келген жаңы жетекчиге нааразычылыгын билдиришүүдө.

«Мектеп былтыр ноябрда ачылган. Буга чейинки директордун иштегенине алты ай болду. Ал кеминде беш жыл иштеши керек, жаңы эле кабыл алынган стратегияны ишке ашырууга убакыт берүү зарыл» деп айткан мугалимдер жана ата-энелер анын ордунда калышын талап кылууда.

Бишкек шаарынын тургуну Мира Сманбекованын үч баласы ушул мектепте билим алат. Ал окуу жылы аяктаарына аз калганда жаңы директордун келиши процессти солгундатат деген пикирде.

«Окуу жылынын аягына бир жарым ай калганда «сынак», «жаңы директор» деп, каяктагы мыйзамды чыгарып алышып, башка адамды алып келип жатышат. Окуу жылы бүтсүн, каникул учурунда кылса болбойбу? Азыр жөн коюшуп, каникул маалында өткөрсүн, ошондо чечилсин баары. Менин суранычым, Айнура Эрмекова (азыр иштеп жаткан директор) ордунда калсын. Ал кеминде дагы 2-3 жыл иштеши керек».

 

Дагы бир окуучунун энеси Жазгүл Орозбекова жаңы жетекчинин ишке киришине каршы. Ал иштеп келген директорго да убакыт берүү зарылдыгын белгилейт.

«Бул жактын окуучулары ар кайсы мектептерден келишти. Биздин балдарыбыз эми бири-бирине көнүп, мугалимдери менен тил табыша баштады. Азыр жаңы директор менен кошо, жаңы мугалимдер келет, анан балдарыбыз эмне болот? Аларга көнгүчө окуу жылы аяктап калат. Биздин балдарыбыз окуйбу же ушинтип эле убакыт өткөрө беришеби?

Иштеп жаткан директордун канча мээнети кетти. Бир үйдү түптөө өтө кыйын нерсе, а бул адам чоң мектепти түптөп, иштеп жатат. Кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө иштеп жаткан адамды иштетүүнү каалайбыз биз. Ушунча мугалимдин, ата-эненин жүрөгүнөн орун алган адамды кармап калып иштетүү керек».

 

Математика мугалими Кенжегүл Сопубекова жакында эле мектепти өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынганын, мекемени IT-мектепке айландыруу планы иштелип чыкканын айтып, бул иштерди жүзөгө ашыруу үчүн азыркы жетекчиге мүмкүнчүлүк берүү керек деп эсептейт.

«Биз жаңы дайындалган жетекчиге каршы деле эмеспиз, бирок азыркы директорубуз беш жылдык стратегияны кабыл алды, IT-мектеп кылам деген планы бар болчу. Ошону аягына чыгарса жакшы болмок, «беш жыл убакыт берсин» деп эле суранып жатабыз. Азыр жашообуздун баары эле техникага байланыштуу болуп калбадыбы, ошол себептен балдарды заманбап багытта тарбиялайлы деген чоң максаттарыбыз бар болчу».

Мектептин кесиптик кошуунунун төрайымы Гүлзат Ботоева мектептин ачылышынан бери жаңы кызматкерлерден жамаат түзүп, эки миңден ашуун жаңы келген окуучуну жайгаштырган директордун ордунда калуусун талап кылып, президентке кайрылды.

«Биз азыркы директордун калышын каалайбыз. Президент Садыр Жапаровдон директорду беш жылга ордунда калтыруусун суранабыз. Себеби бул мектепти биз былтыр ноябрда ачканбыз. Ага чейин эчтекеси жок курула элек мектепти ачууга даярданып, директор менен чогуу тикебизден тик туруп, 110 мугалимдин башын бириктирип, 2250 окуучуну класстарга жайгаштырып, ушунча эмгек кылган адамдын ордуна башка эле жетекчини алып келип коюу — туура эмес чечим».

 

Жаңы жетекчи бүгүн мектепке жамаат менен таанышканы келген. Бирок мугалимдер аны кабыл алуудан баш тартып, нааразычылык билдире башташкан. Аны менен катар эле окуучулардын ата-энелери жаңы директордун келишин туура көрбөгөнүн айтышты.

Ленин райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова жаңы директор президенттин жарлыгынын негизинде жарыяланган сынактан өтүп, шаардык билим берүү башкармалыгы чыгарган токтом аркылуу дайындалганын түшүндүрдү.

«Өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде жарыяланган сынакты жеңип, жаңы директор дайындалды. Бирок тилекке каршы, мугалимдер, ата-энелер тарабынан түшүнбөстүктөр жаралууда. Азыр болсо атайын комиссия түзүлүп, анын мүчөлөрү кабинеттерге кирип, мугалимдердин сабак өтүүсүн текшерип жатышат. Эгер мугалимдер окуучуларга сабак өтпөй жаткан болсо, аларга акт түзүлөт, анткени балдарды кароосуз калтырууга болбойт».

Жаңы директордун дайындалышына каршылыгын көрсөтүп, кимдир бирөөлөр мурунку директордун бөлмөсүнүн ачкычын алып кеткен экен. Издетип таба алышкан жок. Ал эми райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү атайын акт түзүп, эшикти сындырып киришти.

 

№102 орто мектеби Бишкектин Ак-Ордо конушунда жайгашкан. Азыркы директору Айнура Эрмекованы былтыр ноябрь айында мектеп жаңы ачылганда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган. Ошол кезде анын «убактылуу» иштээри жөнүндө сөз болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM