Биз менен байланышыңыз

Министр: «Аю» компаниясы мамлекетке өз ыктыяры менен өттү

Кыска кабар | 14 Апр 2023 | 474 | 0

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өткөнү тууралуу «Маралга» комментарий берди.

Анын айтуусуна караганда, ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өттү, бийлик кысым кылган жок.

«Бул компанияны бийлик тартып алган жок. Соттун чечими менен болуп, мыйзамсыз да алынган жок. Бул — өз ыктыяры менен өткөрүп берилген иш.  Эмне үчүн бул компанияны мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп беришкенин мен айта албайм, өзү билсе керек. Анын жеке мүлкүн мамлекет тартып алганга да эч кандай негиз жок», — деди министр.

«Менчик мүлкү кол тийгис». Экономист «Аю» компаниясы тууралуу

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде «Кабар» агенттигине маек куруп жатып, «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өткөнүн жарыялады.

Президенттин маалыматына караганда, «Аю» компаниясы «кустуруу» кампаниясынын курмандыгы болгон жок, ишкана мамлекетке миллиондогон сом салыктарды төлөбөй келген.

«Аю» компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. «Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп, баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек» деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деди президент.

«АЮ Холдинг» 2003-жылы негизделген. Холдингге бир канча белгилүү компания кирет. Анын ээси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов.

Copyright © 2017 Maral FM