Биз менен байланышыңыз

«Менчик мүлкү кол тийгис». Экономист «Аю» компаниясы тууралуу

Кыска кабар | 14 Апр 2023 | 303 | 0

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде «Кабар» агенттигине маек куруп жатып, «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өткөнүн айтты. Көпчүлүк бул аракетти мамлекеттин бизнеске аралашуусу катары кабылдап жатат. Экономист Элдар Абакировдун пикири:

Менчик мүлккө эч ким тийбеши керек

— Алкоголдук ичимдик өндүрүү жагы өзүнчө саясат. Бирок Конституцияда жеке менчик мүлккө кепилдик берилген. Эч кимдин мүлкү мамлекет болобу, башка бирөө тарабынанбы, алынбашы керек. Бул — экономиканын, жалпы өлкөнүн өсүшүнүн эң негизги пайдубалы. Эгер ал нерсе иштебесе, анда Кыргызстанга эч ким инвестиция жасагысы келбей калат.

Башкача айтканда, сиз бир көчөт отургузуп, мөмө алуу үчүн беш жыл карап, баксаңыз, башка бирөө келип сиздин бакты алып алса, же кыйып салса, албетте эч ким көчөт тикпей калат. Демек, жеке менчик мүлккө кепилдик болбосо, инвестиция качат, экономика өспөйт, жакырлык өсөт.

Ошондуктан мамлекет «Аю» компаниясынын мүлкүн эмнеге алып алды, так маалымат берилсе жакшы болмок. Эгер карызы көп болуп жатса, аны өндүрүү үчүн сот аркылуу чечим чыгып, анан мамлекетке өтсө, бул бир вариант. Эгер жөн эле тартып алса, жакшы эмес вариант.

Мамлекет жасай турган иштер

— Коомдук мамилени жакшыртуу, адилеттүү сот системасын камсыздоо, коопсуздукту коргоо, чек араны кайтаруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекет ушул тармактарды жакшыртса сонун болот. Бизнес тармагына кийлигишүүнүн такыр кереги жок. Аны жеке жактар кылышы керек.

Мисалы, «Кыргызиндустрия» ишканасы «мык, топчу завод ачканы жатабыз» деп жатат. Бирок ошол эле учурда мык же топчу чыгарган башка цехтер салык төлөп жатат, аны мамлекет алып, анан кайра аларга конкуренция түзгөнү туура эмес. Бул логикага да туура келбейт.

Жумадил Эгембердиев: Бизнес бийлик менен «табакташ» болбошу керек

Президент Садыр Жапаровдун маалыматына караганда, «Аю» компаниясы «кустуруу» кампаниясынын курмандыгы болгон жок, ишкана мамлекетке миллиондогон сом салыктарды төлөбөй келген.

«Аю» компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. «Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп, баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек» деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деди президент.

«АЮ Холдинг» 2003-жылы негизделген. Холдингге бир канча белгилүү компания кирет. Анын ээси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM