Биз менен байланышыңыз

Жумадил Эгембердиев: Бизнес бийлик менен «табакташ» болбошу керек

Кыска кабар | 14 Апр 2023 | 515 | 0

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде «Кабар» агенттигине маек куруп жатып, «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өткөнүн жарыялады.

Коомчулукта мамлекеттин бизнеске кылган бул аракети кызуу талкууланып жатат.

«Шоро» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Жумадил Эгембердиев «Марал» радиосуна жагдай боюнча пикир билдирди. Ал мамлекеттин бизнести тартып алганы жаман көрүнүш экенин, бирок бизнес да саясатка аралашпай, бийлик менен табакташ болбой, таза иштеши керектигин айтты.

Ишкер арак өндүрүү жагы кандай иштеп калганын түшүндүрдү:

«Бул президенттин деңгээлинде чечилген чечим болду, менин оюмча, бул жерде саясий боёк бар. Азыр жөн эле жонунан бычып айта бергенге болбойт, анализ керек, анализдегенге бизде маалымат жок. Анын үстүнө бул бизнестин артында да чоң күмөндөр бар, себеби ал арак да».

— Кыргызстанда алкоголдук ичимдик өндүрүү көмүскөгө кеткенинде чындык барбы?

…Кеп олигархтар жөнүндө болуп жатат

— Бул ой туура. Себеби кеп бүт олигархтар жөнүндө жүрүп жатат. Олигарх деген бир буту бийликте, бир буту байлыкта болгон адам. Мындай кишилер таза эмес жүрүшөт, «маслократтын» баары ушуга кирет. Булар өзүн, бизнесин коргоо үчүн бийликке барат, партия түзөт, депутат болот, ымалалашат, сүйлөшөт, трибунадан башканы айтат. Кош стандарт менен жашаган адамдардын баары бирдей, баары аралашып кеткен, табакташ. Азыр бирин-бири «тономой» заман да. Ошол үчүн азыр бир нерсе айтуу кыйын.

Бирок мындай көрүнүштү жок кылуу керек, бизнесте жүргөн адам саясатка барбашы керек. Саясатка аралашып жүргөндөр «кара» кирешелерин «кустурууга» туш болот да. Мындай акыбал болбошу керек. Ошол үчүн таза иштөө керек.

Мисалы, «Шоро» бизнесин кантип тартып алат, «Куликовду» же «Тойбоссту» кантип тартып алат? Таза иштеши керек, бийлик да билет ким кандай иштегенин, себеби алар баары — «бир табактан эт жегендер».

— Негизи мамлекет бизнести башкара алабы? 

— Бизнес — бул жаратман иш. Аны жаратмандар гана жасашы керек. Мамлекет бизнес менен алек болбошу керек. Бул мамлекеттин жумушу эмес, өзүнүн жумушун жасай албай жатып, бизнести эмне кылат? Алардын миссиясы таптакыр башка. Мамлекет бизнеске шарт түзүп, салыктык база түзүшү керек. Бизнести коргоо, сөз эркиндигин камсыздоо, көз карандысыз сот системасын түзүү, ушул сыяктуу маселелерди чечсин, мамлекет кепилдик берип, коргошу керек, түшкөн салыкты туура бөлүштүрүшү керек, мына ушул өкмөттүн иши. Бизнести түшүнбөйт, бизнес кылса да, тойкана-мойкана, бүт каналарды салат, колунан башка иш келбейт.

Эми айта берсе арман көп, бул боюнча сүйлөгүм да келбей калды…

Садыр Жапаров: «Аю» компаниясынын спирт заводу мамлекетке өтөт

Президент Садыр Жапаровдун маалыматына караганда, «Аю» компаниясы «кустуруу» кампаниясынын курмандыгы болгон жок, ишкана мамлекетке миллиондогон сом салыктарды төлөбөй келген.

«Аю» компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. «Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп, баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек» деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деди президент.

«АЮ Холдинг» 2003-жылы негизделген. Холдингге бир канча белгилүү компания кирет. Анын ээси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов.

Copyright © 2017 Maral FM