Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: «Аю» компаниясынын спирт заводу мамлекетке өтөт

Кыска кабар | 14 Апр 2023 | 421 | 0

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде «Кабар» агенттигине маек куруп жатып, «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын билдирди.

Президент «Аю» компаниясы «кустуруу» кампаниясынын курмандыгы болду» деген кептерди четке кагып, ишкана мамлекетке миллиондогон сом салыктарды төлөбөй келгенин айтты.

«Аю» компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. «Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп, баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек» деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деди президент.

«АЮ Холдинг» 2003-жылы негизделген. Холдингге бир канча белгилүү компания кирет. Анын ээси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов.

Copyright © 2017 Maral FM