Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда үч жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 14 Апр 2023 | 512 | 0

Кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген ордунан бошотулду.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишин текшерүү үчүн тиешелүү комиссия түзүлүп, жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилген.

Мамлекет башчысынын чечими менен:

— Жамалдинов Зиядин Исламович Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан;
— Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан;
— Ногоев Турусбек Молдобекович Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM