Биз менен байланышыңыз

Үйлөрдүн кескин кымбаттап кетишинин себеби эмнеде?

Коом | 13 Апр 2023 | 596 | 0

Бишкек жана Ош шаарларында кыймылсыз мүлк кескин кымбаттады. Статистикалык маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери эле батирлер менен жеке турак жайлардын баасында 10%дан ашык өсүш байкалган. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баалар 45%га көтөрүлгөн.

Кыймылсыз мүлктүн кескин кымбатташына кандай жагдайлар себеп болууда?

Бишкек шаарынын тургуну Зыйнат Асакеева жолдошу экөө тең жеке менчик ишканалардын биринде эмгектенишет. Айлыкка жашаган үй-бүлө батирлер кескин кымбаттап кетип, көп жылдан бери топтогон акчасына үй ала албай жатышканын айтты.

«Жолдошум экөөбүз көп жылдан бери эки бөлмөлүү батир алалы деп, акча чогултуп жатканбыз. Былтыр жетиштүү каражат чогултуп, батирлерди караштыра баштадык. Бирок баалар өсүп, үйлөр бир топ кымбат болуп калганынан ала албай калдык. Бүгүнкү күнгө чейин биздин акчага жете турган батир таба элекпиз. Мисалы, мурунку жылдары деле пландап, болжолдуу батирлерди караштырып жүргөнбүз, ошол кезде арзаныраак, биздин азыркы акчабызга жете тургандай болчу. Былтыр да, быйыл да эч эле арзандабай, адамдарды кыйнап жатат».

«Кадастр» мамлекеттик мекемеси Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктүн бааларына мониторинг жүргүзүп турат. Мекеме 2022-жылдан тарта Бишкек, Ош шаарларында турак жайлар кымбаттап кеткенин маалымдады.

Былтыр Бишкек шаарында жер үйлөрдүн соодасы мурунку жылга салыштырмалуу 16%га, ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн соодасы 3,5%га көбөйгөн. Ошол эле кезде Ош шаарында үй сатуу-сатып алуу соодасы 21,5%га чейин түшүп кеткен.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кыймылсыз мүлк базарын талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айдар Сукенбаев Бишкек, Ош шаарларында үйлөр 30%га чейин кымбаттаганын билдирди.

«Кыймылсыз мүлккө болгон баалар акыркы учурларда кескин өзгөрүлүп жатканы байкалууда. 2022-жылы андан мурунку жылга караганда бир кыйла өстү. Кыймылсыз мүлккө болгон кымбаттоо 2023-жылдын биринчи айында да байкалып жатат. Өзгөчө Бишкектеги, Оштогу батирлердин баасы өстү. Мисалы, 2023-жылы январда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда, 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы 26%га өстү. Ал эми эки бөлмөлүү батир 22%га, үч бөлмөлүү 26%га өстү. Ошондой эле өсүштөр 105-308-сериядагы батирлерде да байкалып жатат. Жеке типтеги батирлердин баасы да абдан өстү. Бишкекте жер тамдар кескин кымбаттады. Мисалы, 2022-жылы январь айында орточо 7,5 млн сом турчу. Бүгүнкү күндө 9,9 млн сомго чыкты. Бул 30%га өскөн. Анын 15%ы инфляцияны түзөт, бүгүнкү күндө инфляциянын көрсөткүчү ошончо болуп жатпайбы. Андан тышкары мунайдын баасынын өсүшү же болбосо саясий абалдар да таасир этет».

Талдоолор көрсөткөндөй, жыл башында борбордогу батирлер 11%га кымбаттаган. Ал эми 2022-жылдан бери жалпы 45%га көтөрүлгөн.

«Кыргыз мүлк» агенттигинин адиси Касым Алмазбеков үйлөрдүн баасына курулуш материалдарынын кымбатташы жана кооперативдердин көбөйүшү таасир этип жатканын айтат.

Мындан сырткары Орусиядагы мобилизациядан улам орустардын келишинен улам да баалар кескин көтөрүлгөн. Алмазбеков дагы бир нече себептерди атады:

«Бүгүнкү күндө Бишкектеги батирлердин бааларынын көтөрүлүшүнө көп фактор таасирин тийгизүүдө. Анын бири мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жарандар үчүн берилип жаткан шарттар. Мамлекет тарабынан 25 жылга 4-8% менен үйлөр берилип жатат, ошол себептен суроо-талап көбөйүүдө. Ал эми суроо-талап көбөйгөн жерде баасы да кымбаттайт. Мындан сырткары 2022-жылы январь-февраль айларында доллардын курсу 106,5ке чейин көтөрүлгөн. Ошол кезде да баалар өзгөргөн. Анткени көпчүлүк курулуш компаниялар материалдарды доллар менен буйрутма кылып алдырышат. Ошол себептен батирлердин баалары өсүүдө».

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Бишкек шаарындагы батирлер 2022-жылдын башынан эле кымбаттай баштаган. Өткөн жылдын август айынын аягында бир кыйла арзандаган. Бирок сентябрдан баштап кайра кескин жогорулай баштады.

Copyright © 2017 Maral FM