Биз менен байланышыңыз

Дыйкандарга насыя берүү боюнча министрдин түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 310 | 0

Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында 2023-жылга карата дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүү жана республиканын аймагында акыркы жылдарда болуп жаткан жер көчкүлөрдүн алдын алуу боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.

Алгач жеңилдетилген насыяларды берүү маселеси боюнча айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков баяндама жасады.

Анын айтымында, 2013-жылдан тарта республиканын агроөнөр жай тармагын жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү максатында жеңилдетилген насыялар бериле баштаган. Андан бери 120 миң 554 дыйкан-фермер аталган мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы 51 млрд 646 млн сом таратылган.

Бул сумманын ичинен мал чарбасына 73 миң 532 насыя, 31 млрд 645 млн сомдук, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 19 миң 287 насыя, 8 млрд 514 миң сомго берилген. Мындан сырткары кайра иштетүү, тамак-аш багытында 27 миң 725 насыяга 11 млрд 400 млн сом берилген. Буга чейин 2-3 жылга 10%дык үстөк менен берилип келсе, былтыртан баштап 6%дык үстөк менен 3 жылдан кем эмес убакытка бериле баштады.

Былтыр бул долбоор менен өткөн жылы 83 миң 300 айыл чарба фермерлери каражат алышкан. Жалпы суммасы 4 млрд 774 млн сом.

Быйыл болсо «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору менен 2300 дыйканга насыя берилди. 3 млрд 300 млн сом акча бөлүнүп, эки банк аркылуу берилүүдө. Быйыл бул долбоорлордун алкагында 10 млрд сомдук насыя берүү пландалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM