Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткенде бала бакчада иштебегендерге айлык акы төлөнүп турган

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 210 | 0

УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы жүргүзгөн коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» бала бакчасынын бюджетти мыйзамсыз пайдаланганы аныкталган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, бул мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип, төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.

Жогорудагы фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM