Биз менен байланышыңыз

Кадамжайдагы газ кампасын Кыргызстан менен Өзбекстан чогуу колдонот

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 1153 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын адистери Кадамжай районундагы жер астындагы газ кампасын биргелешип пайдалануу үчүн калыбына келтирүү иштерин баштады.

Февраль айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн энергетика министрлери «Түндүк Сох газ кампасын биргелешип пайдалануу үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жөнүндө» келишимине кол коюшкан.

«Өзбек тараптан Энергетика министрлигинин жумушчу тобу түзүлүп, алар 10-апрелде Кыргызстандын Кадамжай районуна барып, долбоордун алкагындагы изилдөө иштери менен таанышты», — деп айтылат «Узтрансгаздын» билдирүүсүндө.

Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жер астындагы кампада 2,5-3 млрд куб метр газ бар экенин маалымдап, «Анын ичинен 1,3 млрд куб метри колдонууга болот, калганы буфердик зонада. Бул кышкысын өрөөнгө күн сайын 13 миллион кубометр газ бере алабыз дегенди билдирет», — деген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM