Биз менен байланышыңыз

Ош: 7-майда биринчи эл аралык «Amanat City Run» жарым марафону өтөт

Кыска кабар | 12 Апр 2023 | 510 | 1

Ош шаарында 7-майда биринчи эл аралык «Amanat City Run» жарым марафону өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын башкы демөөрчүсү «Аманат Сити» курулуш компаниясынан билдиришти.

Спорттук иш-чара 7-май күнү Ош шаарынын Борбордук аянтында старт алат. Ал эми старттык пакеттерди берүү  4-майдан башталат. Жарым марафонго 2000дей жаран катыша турганы айтылууда.

Жарыш төрт дистанцияны камтыйт: 3 км, 10,5 км, 21 км. Ошондой эле жарым марафондун алкагында эң жаш жөө чуркоочулар үчүн «Amanat Kid’s Run» балдар жарышы болот (*балдар үчүн жаш курагы — 3 жаштан 10 жашка чейин).

Дистанцияга жана категорияга карабастан бир старттык пакеттин баасы:
01.04.2023 — 15.04.2023  күндөрү катталсаңыз — 1000 сом
16.04.2023 — 30.04.2023 күндөрү катталсаңыз — 1500 сом

Жарым марафонго катышуу үчүн каттоо www.nomadsport.net сайтында ачык. Ошондой эле төмөнкү дарек боюнча каттоодон өтсө да болот:

Ош шаары, Ленин көчөсү, 147

Жарым марафонго каттоо 2023-жылдын 1-майына чейин ачык.
Катышуучулардын саны чегине жеткенде, каттоо алдын ала жабылат.

Катышуу мүмкүнчүлүктөрү жана иш-чаранын форматы тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылыңыздар: +996 509 320 000

1 пикир

1 пикир

  1. Эрмек

    11.02.2024 12:46

    Марофондо возраст каралабы 10км чуркоодо Мен 48 жаштамын.Мен озум Россиядамын менин ордума ксерокопия паспортум менен каталсам болобу

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM