Ош шаарында 7-майда биринчи эл аралык «Amanat City Run» жарым марафону өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын башкы демөөрчүсү «Аманат Сити» курулуш компаниясынан билдиришти.
Спорттук иш-чара 7-май күнү Ош шаарынын Борбордук аянтында старт алат. Ал эми старттык пакеттерди берүү 4-майдан башталат. Жарым марафонго 2000дей жаран катыша турганы айтылууда.
Жарыш төрт дистанцияны камтыйт: 3 км, 10,5 км, 21 км. Ошондой эле жарым марафондун алкагында эң жаш жөө чуркоочулар үчүн «Amanat Kid’s Run» балдар жарышы болот (*балдар үчүн жаш курагы — 3 жаштан 10 жашка чейин).
Дистанцияга жана категорияга карабастан бир старттык пакеттин баасы:
01.04.2023 — 15.04.2023 күндөрү катталсаңыз — 1000 сом
16.04.2023 — 30.04.2023 күндөрү катталсаңыз — 1500 сом
Жарым марафонго катышуу үчүн каттоо www.nomadsport.net сайтында ачык. Ошондой эле төмөнкү дарек боюнча каттоодон өтсө да болот:
⠀
Ош шаары, Ленин көчөсү, 147
⠀
Жарым марафонго каттоо 2023-жылдын 1-майына чейин ачык.
Катышуучулардын саны чегине жеткенде, каттоо алдын ала жабылат.
⠀
Катышуу мүмкүнчүлүктөрү жана иш-чаранын форматы тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылыңыздар: +996 509 320 000