Свердлов милициясынын тергөөчүсү Ж.А.Т. 11-апрелде иш бөлмөсүндө 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.Т. кылмыш ишти токтотуп берүү үчүн жабырлануучудан 2 миң доллар сураганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.