Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 12 Апр 2023 | 468 | 0

Бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып башталат.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Кийин бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлган, ИИМдин берген маалыматы боюнча учурда тергөө жүрүп жатат жана тергөөнүн мөөнөтү 6 айга чейин узартылган.

Кемпир-Абад иши: Абактагылардын абалы начар экени айтылууда 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM